"Ар-Намыс" фракциясынын бүгүнкү, 15-марттагы, жыйынында депутаттар 2011-жылы Жогорку Кеңешке 10 машина сатып алуу үчүн милиция тарабынан берилген каражаттын тагдырын иликтөөнү талап кылышты.
Эл өкүлдөрү 2010-жылы Toyota Camry үлгүсүндөгү 10 депутаттык машина Ички иштер министрлигине берилгенин жана алар милицияга ылайыкташтырылып жабдылганын эске салышты.
Депутат Турсунбай Бакир уулунун айтымында, ИИМ аталган машиналардын ордун төлөп, 2011-жылы ал каражатты парламентке кайтарган.
"Азыр ал акчалар кайда? Бул каражатка жаңы машиналар сатылып алынган жок да. Биз бул каражаттар кайда кеткендигин аныкташыбыз керек",- деди ал.
Эл өкүлү Талантбек Узакбаев жаңы машина сатып алуу боюнча бир нече тендер өткөрүлгөндүгүн, бирок бир катар себептер менен ал болбой калганын билдирди.
Камила Талиеванын ордуна келген депутат Майрамкүл Тиленчиева ага бөлүнгөн кызматтык машинанын абалы начар экенин белгилеп, бир канча жолу да жол кырсыгына кабылганын айтты. "Машина көп бензин сарптат атат, анан дайыма оңдоону талап кылат. Эгер Нарынга же башка жакка баратканда машина жолдон бузулуп калса эмне болот?", - деп суроо салды ал.
Бир катар эл өкүлдөрү депутат айымга фракцияга бөлүнгөн машиналардын бирин берүүнү сунушташты. Бирок, талкуу учурунда ал машина арнамысчы Каныбек Осмоналиевге берилгени белгилүү болду.
"Машинадан улам талаштын чыкпоосу үчүн ИИМдин машиналарын сатуудан түшкөн каражатка машина сатып алалы", -деген сунушун Тиленчиева билдирди.