"Чек арадагы бардык жаңжалдар талаш аймактардан улам чыгат", - деп бүгүн, 15-мартта, Ош жана Жалал-Абат облустарынын аймактык чек ара башкармалыгынын жетекчиси Абдыкерим Алимбаев Мамлекеттик чек арасы кызматынын коллегиялык жыйынында билдирди.
Анын айтымында, түштүк аймактардагы чек арада болгон жаңжалдар Өзбекстан жана Тажикстан менен такталбаган талаш аймактардын чечилбегендигинен улам болууда. "Биз чек арачылар аталган маселени бат жана бир тараптуу чече албайбыз. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери менен өкмөт алектенет. Биз өз кезегинде жергиликтүү тургундарга биздин чек ара кайсыл жер экенин жана дагы кайсыл жерлер талаш экени боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз",- дейт ал.