Бишкектеги кафелердин биринде жашы жетек элек кыз зордукталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басмасөз кызматы билдирди.
Тартип сакчыларынын айтымында, өз курмандыгын эркек киши ажатканага кирүүсүн күтүп, анын артынан кирген. Ал кызды сабап, аны зордуктаган.
Биринчи Май РИИБдин кызматкерлери изи сууй элегинде Бишкектин 36 жаштагы тургунун кармашкан. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.