Бүгүн, 15-мартта, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Австрия Республикасынын федералдык президенти Хайнц Фишер менен жолугушту.
А.Жээнбеков менен Х.Фишер адегенде тар чөйрөдө сүйлөшүп, андан соң Австрия делегациясы менен Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.
Төрага А.Жээнбеков Австриянын федералдык президентинин иш сапары Кыргызстанга демократиялык реформаларды жүргүзүүдө, парламенттик демократияны өнүктүрүүдө көмөк көрсөтүү жышааны экенин белгилөө менен, Австрия өкмөтүнө Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгон жылдары, ошондой эле 2010-жылдагы апрель жана июнь коогалаңындагы оор учурда жакындан жардам бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.
"Биз өнүгүүнүн татаал жолун тандап алдык, бирок ал туура жол экенине, ал туруктуулукка алып келе турганына терең ишенебиз. Конституция кабыл алынган 2010-жылдан бери өнүгүүнүн катаал жолун басып өтүп, быйыл туруктуулук босогосун аттадык", - деп айтуу менен, А.Жээнбеков баардык саясий күчтөрдүн жана жарандык коомдун катышуусунда Кыргыз Республикасын 2017-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук программасы кабыл алынгандыгын кошумчалады.
Ал эми Фишер Кыргыз Республикасынын демократиялык институттарды калыптандыруу жана бекемдөөдөгү алгачкы кадамдарын колдой тургандыгын билдирди. "Кыргызстандын өнүгүүнүн даңгыр жолуна түшкөндүгүн байкабай коюу мүмкүн эмес. Демократияны кыска мезгил аралыгында эле орнотуу мүмкүн эмес, ал дагы кооптуу абалга кептелеши мүмкүн. Демократияны өнүктүрүү үчүн адам жана экономика күчү талап кылынат", - дейт. Ал Австрия саясий, маданий тармактарда, парламентаризмди өнүктүрүү жаатында Кыргызстан менен кызматташууга даяр экендигин айтты.