Австрия кыргызстандык менеджерлерди туризм тармагына окута алат

Жаратылыштын кооздугу, өзгөчө Ысык-Көлдүн кооздугу келечекте Кыргызстандагы туризм тармагынын өнүгүүсүнө түрткү боло алат. Мындай оюн бүгүн 15-марттагы кыргыз-австриялык бизнес-форумда Австриянын экономика боюнча федералдык палатасынын вице-президенти Рихард Шенц билдирди.

Анын айтымында, туристтик деңгээлди өнүктүрүүдө Австриянын чоң тажрыйбасы бар жана аны Кыргызстан менен бөлүшүүгө даяр.

Шенц кызматкерлерди окутуу жаатында кызматташууга болорун баса белгиледи. Себеби, Австрияда туризм жаатында менеджерлерди окутуучу атайын билим берүүчү мекемелер бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД