Дыйкандардын минералдык жер семирткичке болгон муктаждыгы болгону 15%га гана камсыздалган. Бул тууралуу "ВБ"га айыл-чарба жана мелиорация министрлигинен билдиршти.
Алардын маалыматына ылайык, жалпы муктаждык 200 миң тонна болсо, анын 35 миң тоннасы гана алынып келинген. Анан калса, алардын баасы быйыл сезилерлик кымбаттаган. Өзгөчө Өзбекстандан алынып келинген селитрасынын бир киллограмы 20 сом турат, ал эми казак өндүрүшүнөн чыккан селитра 21 сом, орусияныкы 24 сом турат. Баалардын мындай болушу дыйкандарды канааттандырбайт.
Ошондой эле үрөнгө болгон алдын ала муктаждык 56 тонна болсо, анын 21 тоннасы гана алынып келинген.