Кыргызстанда 2013-жылдын башынан бери 6 миңдей кургак учук фактысы катталган

Улуттук фтизиатрия борборунун маалыматына ылайык, жыл жаңыргандан бери саламаттык сактоо уюмдары тарыбынан 5 674 кургак учук катталган (2011-жылы 5 243 учур катталган). Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта, Саламаттыктык сактоо министрлиги билдирди.

Чүй облусунда оору менен ооругандардын жогорку деңгээли сакталууда (146,1), Бишкекте – 121,2, Талас облусунда, 98,5. Балдар арасында кургак учук менен оору көбөйгөн. Ошондой эле өспүрүмдөр арасында оорулуулардын саны да өскөн – 90,4, Талас облусунда 139,8, Чүй облусунда 167,8 жана Баткенде – 101,8.

2012-жылы Бишкекте оорулуулардын жогорку деңгээли сакталган 100 миң кишиге 163,7 киши туура келген.

Ал эми кургак учуктан каза болгондордун саны 100 миң кишиге 8,2ни түзгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД