Бишкектеги борбордук мечитте тоноочулук катталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басмасөз кызматынан билдиришти.
Укук коргоо органдарына 20 жаштагы бала кайрылган. Күндүз мечиттен анын сумкасынан документтерди жана уюлдук телефонун уурдап кетишкен.
"Укук тартиби" рейди учурунда Свердлов РИИБдин кылмыш иликтөө тобунун кызматкерлери 23 жаштагы шектүү адамды кармашкан. Ал Бишкек ШИИБдин убактылуу тергөө абагына камакка алынды.