Кыргызстандык спортчуларга олимпиадалык стипендияны көбөйтүүгө сөз беришти

Президент Алмазбек Атамбаев 16-мартта Улуттук Олимпиада комитеттеринин Ассоциациясынын президенти, Азия Олимпиада кеңешинин президенти шейх Ахмад Аль-Сабахты кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда спорттун олимпиада түрлөрүн жана олимпиадалык кыймылды мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Шейх Ахмад Аль-Сабах Улуттук Олимпиада комитеттеринин Ассоциациясы Кыргызстан командасынын спортчуларына олимпиадалык стипендиялардын санын көбөйтүү маселесин карай тургандыгын маалымдады. Учурда 2 кыргызстандык спортчу олимпиадалык стипендия алат.

Маалымат үчүн

Улуттук олимпиада комитеттеринин Ассоциациясы – учурда Эл аралык Олимпиада комитети тарабынан таанылган 204 улуттук олимпиада комитетинин башын бириктирген эл аралык уюм. Африки, Америка, Азия, Европа жана Океания сыяктуу 5 контитенталдык ассоциацияга бөлүнөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД