Аялдардын эл аралык күнүндө Түркиядагы кыргыз кыздары да унутта калган жок

Аялдардын Эл аралык күнүнө карата Cтамбул шаарында майрамдык чакан иш чара уюштурулду. Ага аталган шаардагы жашап, иштеп жаткан айымдар жана студент кыздар чакырылган. Келген меймандарга сый тамак уюштурулуп, чакан белектер таратылды. Бул тууралуу "ВБ"нын Стамбулдагы өкүлү Элеонора Кыдырова билдирет.

Кыргызстан Достук жана Маданият Коомунун (КДМК) башкаруу комитети тарабынан өткөрүлгөн иш чарага 80ге жакын айым катышты. Студенттик кенеш аларга майрамдык концерт тартуулады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД