Стамбул шаарындагы Кыргызстан Достук жана Маданият коомунда (КДМК) акысыз комуз ийрими ачылды. Максаты - четте билим алып жүрүшкөн жаштарды улуттук баалуулуктардын бири болгон комуз аспабын үйрөтүү жана мекенчилдикке үндөө болуп саналат. Бул тууралуу "ВБ"нын Стамбулдагы өкүлү Элеонора Кыдырова билдирди.
КДМКнын башчысы Айбек Сарыгуловдун айтымында, буга чейин студенттер менен сүйлөшүүлөр болуп, аталган ийрим алардын демилгеси менен ачылды.
"Кыргызстанда жашап улуттук аспаптарда кол ойнотуп, чертпегендер бар. Ал эми чет жерде окуп, иштеп жүргөндөр арасында комуз үйрөнөбүз деп кызыккандар болууда. Учурда өз мекенибизден 8 комуз алынып келинди", деп билдирди КДМКнын башчысы.
Кошумчалай кетсек, комуз ийримине кызыккан Стамбул шаарындагы Кыргызстандыктар жана түрк улутундагы жаштар биригип, "Ала-Тоо" комузчулар тобун түзүштү. Мындан ары алар ар кандай маданий иш чараларда өз өнөрлөрүн тартуулушмакчы.