Токмок шаарында Бишкек-Торугарт жолунун 57-чакырымында 15-мартта болжол менен 21-00дө эки машина кагышкан. Анын кесепетинен төрт адам каза болгон. Алардын үчөө балдар. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта, Чүй облустук ИИББдин басмасөз кызматынан "ВБ"га билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаанын тургуну башкарып бара жаткан "Мерседес-Бенц" жана Чүй облусунун тургуну айдап бараткан "БМВ" үлгүсүндөгү машиналар кагышкан.
Каза болгондордун арасында үч бала: бир жаштагы кыз, эки жана алты жаштагы балдар жана бир киши бар.
Алдын ала маалыматтарга караганда, жол кырсыгына эки айдоочунун тең жол эрежелерин бузгандыгы себеп болгон.
"Жолдо жүрүү эрежесин бузуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. "Мерседестин" айдоочусу Токмоктогу убактылуу кармоочу жайга камалды. Тергөө иштери жүрүүдө.