Шаардык дзюдо федерациясынын президенти болуп Бакыт Тентиев шайланды

Шаардык дзюдо федерациясынын президенти болуп Бакыт Тентиев шайланды. Бул тууралуу федерациянын басмасөз кызматы билдирди.

Федерациянын башкы катчысы кызматына Бишкек шаардык кеңештин экс-депутаты Эмил Рыскулов дайындалды. Буга чейин ал шаардык дзюдо федерациясынын президенти болуп келген.

Ал эми федерациянын биринчи вице-президенти болуп Талант Беккулов дайындалды. Ошондой эле 3 вице-президент да дайындалды. Алар: Абдужалил Юнусов, Азат Базаркулов жана Жолдош Көлбаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД