"Манас" аэропортунан аксылык жүргүнчүнүн жанынан ок табылды

"Манас"эл аралык аэропортунда милиция кызматкерлери жүргүнчүнүн жанынан ок табышты. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-мартта милиция кызматкерлери эларалык "Манас" аэропортунун авиациялык коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен биргеликте орусиянын шаарына учуп бараткан жарандын кол сумкасынан 5,45 мм калибриндеги эки ок жана Калашников автоматынын 7,62 мм калибрындагы эки окту табышкан.

Кармалган адам Жалал-Абат облусунун Аксы районунун тургуну болуп чыкты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД