12-март күнү болжол менен саат 16-00 чамасында Кадамжай районунун Пүлгөн айылында чек ара менен чектешкен аймагынан Баткен бажы кызматынын кызматкерлери чек арачылар менен биргеликте контрабандалык сабиз жүктөлгөн КамАЗ машинасын токтоткон. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басмасөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Өзбекстандын жараны 13 тонна сабизди эч кандай документи жок эле алып кирген. Тергөө жүрүүдө.