Нооруз майрамын белгилөө үчүн Ош шаарына жарым миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта, Ош шаар мэриясынын басмасөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 360 миң сом социалдык-маданий иш-чараларга жумшалат. Анын ичине театрлаштырылган оюн-зооктор, боз үй тигүү, борбордук аянтты жасалгалоо сыяктуу иштер кирет. "Дагы 70 миң сом улуттук ат оюндарын уюштурууга жумшалат. Ар бир аймактык кеңешке 7 миң сомдон каралган. Жалпысынан аларга 91 миң сом каралган",- деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Сулайман-Тоонун алдында 20-марттын түнүндө "Кадыр түн" тосуу болот. Бул иш чарага Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов, басмасөз кызматтын жетекчилери жана шаардык кеңештин депутаттарынын катышары күтүлүүдө.