2008-жылдан бери катталган ишкана-мекемелердин саны төмөндөөдө. Бул тууралуу 19-мартта өкмөткө караштуу ишкердикти өнүктүрүү жана инвестиция боюнча кеңешинин эксперти Рафкат Хасанов билдирди.
Анын айтымында, 2008-жылы ишкердикти колдоо программасы "ишин токтоткон". "Жыл сайын мекемелердин саны азайууда. Биз каттоого алынган ишканалардын санына эмес, ички дүң продукциядан (ИДП) күмөн санашыбыз мүмкүн",- дейт Хасанов.
Ал мындай көрсөткүч ири бизнес үчүн Кыргызстан "кызыксыз" экенин көргөзүп турат дейт. Себеби, салык-жыйымдары жеке ишкерлерге караганда бир кыйла жогору.