Ош шаарына эки бала бакча жана мектеп куруу пландалууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басмасөз кызматынын жетекчиси Камил Сыдыков "ВБ"га билдирди.
Анын айтымында, шаардык бала бакчаларда орун жетишпейт, ал эми мектептердеги класстарда окуучулардын саны көп. "Бул айыл жеринде жашаган калктын түштүк борборго агылуусуна байланыштуу", - деди ал.
"Билим берүү мекемелерин куруу боюнча чечим өткөн жылы кабыл алынган. Бир бала бакча учурда курулууда. Жакын арада экинчи бала бакчанын жана мектептин пайдубалы тургузула баштайт", - деди Сыдыков.