Өткөн жылы Бишкектеги мейманкалар салык иретинде 23 млн 796 миң сом төлөшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта, шаардык салык кызматынын башчысы Кылычбек Жаныкулов "ВБ"га билдирди.
Анын айтымында, Бишкекте расмий түрдө 165 конок үй катталган. "Бишкек боюнча 68 жеке тарап милдеттүү патент боюнча 2 млн 267 миң сом төлөшкөн. 79 мейманкана ээлерине салык боюнча 21 млн 246 миң 400 сомго күбөлүк берилген. Ошондой эле 18 жеке тарап бирдиктүү салык боюнча 282,6 миң сом төлөшкөн", - деди Жаныкулов.
Ал Ленин району боюнча 31 мейманкана катталганын белгиледи. "7 юридикалык жак 2012-жылы 4 млн 438 миң 400 сом салык төлөгөн. 17 жеке тарап 280,5 миң сомго патент алышкан. Алты мейманканага 173,3 миң сом салык боюнча күбөлүк берилген. Ошондой эле бир жеке тарап бирдиктүү салык боюнча 52,6 миң сом төлөгөн. Аталган райондо өткөн жылы мейманкалардан 4 млн 944 миң 300 сом салык жыйналган",- деп шаардык салык кызматынын башчысы кошумчалады.
Биринчи Май районундагы мейманканалардын 2012-жылы 11 млн 585 миң 500 сом салык жыйналган.
"Бул аймакта расмий түрдө 40 мейманкана катталган. 9 юридикалык жак 2012-жылы 10 млн 693 миң 100 сом салык төлөгөн, 15 жеке тарап 140,7 миң сомго патент алышкан, 8 мейманкана ээсине салык боюнча 567,9 миң сомго күбөлүк берилген. 7 жеке тарап бирдиктүү салык боюнча 119,8 миң сом төлөгөн. Бир юридикалык тарап бирдиктүү салык боюнча 64 миң сом төлөгөн", - дейт Жаныкулов.
Шаардык салык кызматынын башчысынын айтымында Октябрь районунда мейманканалардан 2012-жылы 4 млн 383 миң 200 сом салык жыйналган.
"Аймак боюнча 35 мейманкага каттоого алынган. Үч юридикалык жак 2012-жылы 3 млн 900 миң 100 сом салык төлөгөн. 8 жеке тарап 260,9 миң сомго патент алган, 15 мейманкана ээси салык боюнча 176 миң сомго күбөлүк алган. 9 жеке тарап бирдиктүү салык иретинде 46,2 миң сом төлөшкөн", - дейт ал.
Ал эми Свердлов району боюнча мейманканалардан 2012-жылы 2 млн 883 миң 600 сом салык жыйналган.
"Бул аймакта расмий түрдө 59 мейманкана бар. Жети юридикалык тарап 2012-жылы 973,1 миң сом салык төлөшкөн. 28 жеке тарап 1 млн 585 миң 500 сомго патент алышкан, 24 мейманкана ээсине 324,7 миң сом салык боюнча күбөлүк берилген", - деди ал.
Шаардык салык кызматынын жетекчиси учурда премьер-министрдин тапшырмасы менен обьектерди түгөлдөө жүрүүдө деп билдирди.
"2012-жылдын отчетунда "Хаят", "Ак-Кеме" сыяктуу ири мейманканалардан түшкөн төлөм көргөзүлгөн эмес. Себеби алардан алынчу төлөмдү салык кызматынын башка башкармалыгы чогултат", - деди ал.
Эскертсек, борбор калаада мейманкана кызматын көргөзгөн конок үйлөрүнүн бир далайы каттоого алынган эмес. Анткени аларды көпчүлүгү бир күнгө жана саатка гана берилет.