Азимбек Бекназаров 24-мартта Ошто митинг уюшулуп атыптыр деген маалыматты төгүнгө чыгарды. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-мартта, "ВБ"га берген маегинде белгиледи.
Анын айтымында, маалымат агенттигинин бирине 24-мартта Ош шаарында боло турчу митингге Бекназаров да катышат экен деген маалымат чыккан.
Эскертсек, 24-мартта Жалал-Абатта боло турчу курултайга Бекназаров да чакырылган. "Бул иш-чарага мен да катышам. Ал болжол менен саат 10-00дө башталат. Ошондой эле ал жакка башка саясатчылар да чакырылган. Алар келеби-келбейби өздөрү чечет", - дейт ал.