Жалал-Абат облусунун тургуну өз ыктыяры менен экстремисттик адабияттарды берди

Жалал-Абат облусунун Шамалдуу-Сай айылынын тургуну 18-мартта милиция кызматкерлерине өз ыктыяры менен "Хузб ут-Тахрир" экстремисттик тобунун адабияттарын тапшырды. Бул тууралуу Жалал-Абат ИИБдин басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 40 жаштагы аял 7 китеп, 2 баракча, 4 дептер жана экстремисттик мазмундагы 2 компакт-дискти тапшырган.

Теологиялык экспертиза өткөрүү белгиленип, иликтөө иштери башталды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД