Жалал-Абатта болчу курултайда милиция жана элдик кошуун коомдук тартипти сактайт

Жалал-Абатта 24-мартка белгиленген курултай учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту ИИМдин 160 кызматкери жана элдик кошуундун 150 мүчөсү камсыз кылат. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта, ИИМдин түштүк аймак боюнча басмасөз кызматынын инспектору Таалайбек Сусунбаев "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, курултайдын уюштуруучуларынан расмий түрдө билдирүү келе элек. "Президент, Жогорку Кеңеш депутаттары жана оппозиционерлердин келип-келбеши бизге азырынча белгисиз", - деп сөзүн жыйынтыктады Сусунбаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД