Бишкектеги калкты тейлөө борборунунун имаратынын ижара акысы үчүн бир айга 7 650 доллар, Ош шаарындагы борбор үчүн 4 630 доллар жана Жалал-Абаттагы калкты тейлөө борборунун имаратынын ижарасы үчүн 2 230 доллар төлөйт. Коомдук байкоочу кеңеш бул көрсөтүлгөн баалар өтө эле кымбат деп эсептейбиз. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы коомдук байкоочу кеңештин мүчөсү Айнура Бекбоева бүгүн, 20-мартта, "ВБ"да болгон маалымат жыйында билдирди.
Ал ошондой калкты тейлөө борборлору жеке жактардын имаратында жайгашкандыктан төлөнгөн акчалар жеке адамдардын чөнтөгүнө түшүп атканын кошумчалады. "Мисал катары айта турган болсок, Бишкекте орун алган калкты тейлөө борбору "Фул мобили" ЖЧКнын имаратында жайгашкан. Ал жакты ижарага алуу үчүн үч жылда 13 млн 077 миң 090 сомдү түзөт. Ал эми Ошто жайгашкан имарат "Элина" фирмасына таандык. Ал жактын үч жылга болгон ижара акысы 7 млн 920 миң сомду түзөт. Жалал-Абаттагы калкты тейлөө борбору турган имарат "Жапаралиева" жеке фирмасына таандык. Ал жакта үч жылга түзүлгөн келишим боюнча ижара акысы 3 млн 817 миң 400 сом",- деди ал.
Ошондой эле Айнура Бекбоева ижара акысына төлөнүп аткан каражатка жаңы имараттарды салып, жергиликтүү калкты тейлөө борборлорунун абалын жакшыртууга жумшалса жакшы болмок деген оюн билдирди.