Орус драм театрында мусулман кийимдеринин көрсөтмөсү болот

Орус драм театрында 22-мартта "Кыргызстандагы мусулман модасы. Жаз-жай-2013-2014" коллекциясынын көрсөтмөсү болот. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруучулардын бири - Idol Management моделдик агенттигинин башкы директору Үсөн Бердибаев "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, бул иш-чарага 10 дизайнер катышат. Алардын арасында Бакыт Бегибаев, Салтанат Мамырбаева, Укей Мураталиева, Жанара Чынгышова бар. Алар 15 кийимден көрсөтүшөт. Ал эми жаңы чыгып келаткан эки дизайнер 5 комплект көрсөтөт.

"Ислам модасы бир гана хиджап жана узун көйнөктөр менен гана чектелип калбайт. Бүгүн бул тармак өзүнчө чоң индустрия. Динди тутунган кыздар да саркеч кийине алат", - дейт дизайнерлер.

Эскертсек, ушул өңдүү иш-чара Бишкекте өткөн жылдын аягында өткөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД