Аламүдүн районунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен жөө адам каза болду. Бул тууралуу Чүй ИИББдин басмасөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, түндө "Тайота Прадо" машинасын айдап бараткан 34 жаштагы Лебединовка айылынын тургуну жөө адамды сүзүп кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 51 жаштагы Беловодск айылынын тургуну ооруканага жетпей жолдо каза болгон.
Аламүдүн РИИБдин тергөө бөлүмү окуянын чоо-жайын иликтөөдө.