7-апрель окуясы боюнча сот ишинин көчмө жыйыны бүгүн, 20-мартта, "Ак үйдүн" чатырында өттү.
Ал жерде соттук эксперимент жүргүзүү үчүн 32 катышуучу келди. Алар: соттолуучулар, адвокаттар, сот курамы жана жергиликтүү ЖМКнын өкүлдөрү.
"Ак үйдүн" чатырын кароо учурунда бардык аракеттер Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын 9-мамлекеттик коргоо кызматынын жеке курамы аркылуу көзөмөлдөнүп турду.