Эртең, 21-мартта, "Манас" эл аралык аэропортунан Air Manas/ТМ Pegasus Asia компаниясынын алгачкы рейсу учат. Аэропорттун басмасөз кызматынан билдиргендей, аба каттамдар ар күнү 189 кишиге ылайыкталган Boeing 737-800 учактары аркылуу уюштурулуп турат.
Маалыматка ылайык, 21-мартта Стамбул-Бишкек каттамы аркылуу алгачкы учак учуп келсе, 22-мартта Бишкек-Стамбул каттамы учурулат.