Кыргызстан кургак сүттү Кытайга экспорттоону пландап жатат

Өкмөт кургак сүттү Кытайга экспорттоону пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта, вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев журналисттерге маалымдады.

Анын айтымында, Кытай кургак сүт чыгаруучу бир нече компанияны Кыргызстанга курууга кызыктар. "Учурда кургак сүттү экспорттоо боюнча сүйлөшүү жүрүүдө. Ал жакта рынок чоң, керек болсо эбегейсиз деп айтууга болот. Кыргызстан бүгүн кургак сүттү керектегенден 26%га көп чыгарат. Андыктан экспорт маселесин чечүү керек", -деди ал.

Сарпашев ошондой эле жакын арада Казакстанга сүт азыктарын экспорттоо боюнча киргизилген чектөөнү алуу маселеси чечиле турганын кошумчалады. "Аталган маселе боюнча бир катар иштерди аткаруу керек жана казак тарап менен сүйлүшүү улантылууда", - дейт вице-премьер.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД