Айтылган каалоо тилектерге кошулам ошону менен бирге мен да жалпы Кыргыз элимдин нооруз майрамы менен чын журоктон куттуктайм,заманыбыз онолуп ар дайым ынтымактуу калк бололу,
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады.
Төраганын куттуктоосунда "Нооруз – жакшы тилек, илгери үмүт, жаркын маанай майрамы", -деп жазылат. "Быйыл Иштерман жылы катары жарыяланды. Эмгек адамзат өмүрүнүн өзөгүн түзүп, бакубат турмуш башаты болуп саналат. Теңирдин ушул улуу күнүндө бири-бирибизге күйүмдүү, түтүмдүү бололу. Журтубузда ынтымак менен ырашкерлик айтсын. Биз баардык кыйынчылыктарды жеңип чыгып, телегейи тегиз өнүккөн мамлекеттердин көчүнө кошула турганыбызга терең ишенем. Келечегибиз кең, баарыбызга тең болсун", - деп жазылат төраганын куттуктоосунда.