"Тазалык": Жаздын келиши менен тиричилик таштандылары 1,5 эсе көбөйөт

Жаздын келиши менен тиричилик таштандылары 1,5 эсеге көбөйөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчи орун басары Павел Клименко "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, учурда ишкана күнүмдүк тазалоо иштеринен сырткары эл көп барган жерлерди да тазалап атат. Анткени күн жылыгандыктан шаардыктар парк сыяктуу жерлерге көп барышат. Ошону менен бирге эле ал жакта да таштандылар көбөйөт.

"Зеленстрой" менен биргеликте парктарды гана тазалабастан ирригациялык системаны да тазалоо жүрүүдө. Негизги ишти "Зеленстрой" аткарып атат, биз болсо аларга жардам берүүдөбүз. Алардын техникалык базасы чектелүү", - дейт жетекчи орун басар.

Клименко бир гана техника жагынан жардам бербестен "Тазалыктын" 90 жумушчусу да кол кабыш кылып атканын кошумчалады.

"Азыр тиричилик таштандылары көбөйдү, өзгөчө жаңы конуштарды абал курч. Анткени жашоочулар бакчаларын гана тазалап, ал жактагы таштандыларды сыртка чогултушат. Аларды биз тазалап атабыз", - деген жетекчи жайга карай абал бир аз турукташып каларын белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД