Кыргызстандык сиам эгиздери Зита менен Гитаны 21-мартта Чечен республикасынын башчысы Рамзан Кадыров кабыл алды. Чечен мамлекет башчысынын басмасөз кызматынан билдиргендей, эгиз кыздар Кадыровдун жеке чакыруусу менен барышкан. Эгиздер "Пусть говорят" программасы учурунда Грозный шаарындагы мечитти көрүү тилеги бар экенин айтышкан болчу.
Кыздар бул тилегин каражаттын тартыштыганын улам аткара албай атканын билдиришкен. Кийин кыздарга Чечен республикасынын башчысы бардык чыгымдарды өзүнө ала турганын айтып, жеке чакыруусун жөнөткөн.
Зита менен Гита Грозный шаарына апасы Зумрият менен барышты. Аларды муфтий Султан Мирзаев тосуп алды. Ал конокторду Ахмат-Хаджи Кадыров атындагы мечит менен тааныштырды. Кийинки күнү кыргызстандык коноктор Рамзан Кадыров менен жолугушту. Жолугушуу учурунда Кадыров кыздардын дагы бир тилеги болгон – ажылыкка барууга да жардам бере турганын айтты. Эми бул тилегин оорундатуу үчүн эгиз кыздар дарыгерлердин уруксатын алышы керек.
Ошондой эле Рамзан Кадыровдун энеси Аймани Кадырова да кыздар менен жолугушуп, алардын ден-соолугун чыңдоо үчүн 1 млн рубль берди. 2012-жылдын январь айында да кыздар Рамзан Кадыровдон материалдык жардам алышкан.