Банктар дыйкандарга 931 млн сом жеңилдетилген насыя беришти

"Айыл чарбасын каржылоо" долбооруна катышууга макулдугун берген коммерциялык беш банк бүгүнкү күнү дыйкандарга жеңилдетилген 930 млн 993,9 миң сом насыя беришти. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, "Айыл Банк" – 523 млн 524 миң сомдук 2 810 насыя берген. "РСК Банк" – 326 млн 293,9 миң сомдук 1 403 насыя берсе, "Залкар Банк" – 49 млн 225 миң сомдук 295 насыя берген. Ал эми "КИКБ" – 20 млн 551 миң сомдук 137 насыя берген.

Дыйкандарга жеңилдетилген насыя үстүбүздөгү жылдын 4-мартында берилип баштаган.

Андан сырткары "Кыргызстан коммерциялык банкы" 11 млн 400 миң сомдук 75 насыя берген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД