Энергетика министрлигинини чиновниктери 14 млн сом зыян алып келишкен

Энергетика жана өнөр жай министрлигинде иштеген аткаминерлер "Электр станциялары" ишканасына 14 млн сом зыян алып келишкен.

Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгы Энергетика жана өнөр жайы министрлигинин алдындагы отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу мамлекеттик департаментинин чиновниктерине карата кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу башкы прокуратуранын басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, департаменттин аткаминерлери 2011-2012-жылдары "Электр станциялары" ААКтан электр энергиясын сатып алуудагы тарифтерди аныктоодо кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан. Алар электр энергиянын сатып алуу баасына кардарларды тейлөөгө кеткен чыгымды да кошушкан.

Жыйынтыгында мамлекеттик департаменттин аткаруучу кеңешинин мүчөлөрү жана мекеменин жетекчилери "Электр станциялары" ААКына 14 млн 601 миң сом зыян алып келишкен.

Кылмыш кодексинин "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иш козголду. Тергөө жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД