Кыргызстандын өкмөтү кургак учукка каршы дары-дармек үчүн каражат бөлбөйт. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнгө арналган маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Калиев билдирди. Эскертсек, Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү 24-мартта белгиленет.
"Дара-дармектер донорлордун каражатына сатылып алынат. Учурда донорлор бул дартка каршы күрөшүү боюнча каражат бөлүүдө. Ошентсе да мамлекет да дары-дармек сатып алууга каражат бөлүүсү керек", - деп кошумчалады ал.
Министрдин орун басары 2011-жылга салыштырмалуу 2012-жылы кургак учук менен ооругандар 5 243төн 5 674 кишиге чейин көбөйгөнүн айтты. Ошол эле учурда кургак учук дартынан каза болгондордун саны азайганын кошумчалады. "2011-жылы 482 киши өлсө, 2012-жылы 454 бейтап каза болгон. Ооруга чалдыгуу жашоонун социалдык деңгээлинен көз каранды болсо, өлүм – медициналык жардамды көрсөтүү деңгээлинен көз каранды", - дейт ал.
Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдулат Кадыровдун айтымында, акыркы 12 жыл ичинде Кыргызстанда кургак учуктун дарыга туруктуу формасы менен ооругандар көбөйгөн. "Болжол менен кайтадан дарыланып аткан бейтаптардын 50%ында кургак учуктун дарыга туруктуу формасы аныкталган. Мындай диагноз 3 377 байтапка коюлган", - дейт ал.