Сокулук районундагы жол кырсыгынан айдоочу менен жүргүнчү каза болду

Сокулук районунда катталган жол кырсыгынан айдоочу менен жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу Чүй ИИББдин басмасөз кызматы билдирди.

Кечээ, 21-мартта, болжол менен саат 6-00лар чамасында "БМВ" үлгүсүндөгү машинаны катуу ылдамдыкта айдап бараткан 24 жаштагы жергиликтүү тургун рулду башкара албай калган. Машина жолдон чыгып, жол жээгинде турган бакты барып сүзгөн. Айдоочу жана анын жанындагы 24 жаштагы жүргүнчү алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон. Алардын жанындагы эки кыз оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД