Бишкектин ыкчам-иликтөө тобунун кызматкерлери Казакстандын жаранын өлтүрдү деп шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы жеке булактан маалым болду.
Маалыматка ылайык, бир нече күн мурун ижарада турган үйүнөн жаш жигиттин сөөгү табылган. Анын өздүгүн тартип сакчылары аныкташкан. Ал Казакстандын жараны болуп чыккан. Коңшу мамлекеттен келген бала жеке жарнамалык фирмалардын биринде иштеген.
Эксперттердин айтымында, өлгөн адамдын денесине 40 жолу бычак сайылган. Сайылган соккулардын көбү өлүмгө алып келген. Ыкчам иликтөө тобунун кызматкерлери кылмышкерди маркумдун тааныштарынан арасынан издөөнү чечишкен. Бул ыкма оңунан чыгып, тартип сакчылары маркумдун досун кармашкан.
Аталган кылмыш иши уруштан улам келип чыкканы аныкталды.