Санжар Бакиевдин жакындары ага карата мунапыстын жокко чыгышына нааразы

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жусуп Бакиевдин абактагы уулу Санжар Бакиевдин жакындары сот М.Акматалиевдин "КР эгемендигинин 20 жылдыгына карата мунапыc жарыялоо жөнүндөгү" мыйзамды жокко чыгарганына нааразы болууда. Мунапыc боюнча ал 2013-жылдын 20-мартында бошотулмак. Бул тууралуу Санжардын апасы Чынара Калбаева журналисттерге кайрылды.

"Мунапыс бир гана Бакиевге тийиштүү эмес окшойт. Бир адамдын жазасын жеңилдетпөө үчүн мыйзамды жокко чыгаруу туурабы? Бул тууралуу прокуратура толук маалымат бере элек", - деп жазат Калбаева.

Эскертсек, Санжар Бакиев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси, маркум Жусупбек Бакиевдин кенже уулу. Ал 2010-жылы 7-апрель окуясынан жана июнь коогасынан кийин кармалып, соттолгон Бакиевдердин жалгыз өкүлү. Буга чейин Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Акмат Бакиев да кармалып, бирок ачык абак жайына соттолгон жеринен качып кеткен болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД