19-мартта МУККнын Чүй облусу боюнча башкармалыгына Чүй газ-чарбасынын кызматкери пара талап кылганы тууралуу даттануу түшкөн. Аталган чарбанын кызматкери газды кошууда келип чыккан маселени оң жагына чечип берем деп 60 миң сом талап кылган. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын басмасөз кызматы билдирди.
50 миң сом пара алып аткан жеринен Кант газ бөлүмүнүн башкы оператору колго түшкөн. Чүй жана Талас облустары боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын тергөө бөлүмү 19-мартта кылмыш жаза кодекстин "Пара алуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Иликтөө иштери жүрүүдө.