Кылмышкер тигүү цехине кирип, 19 жаштагы кызды зордуктаган. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басмасөз кызматы билдирди.
Жапа чеккен кыздын айтымында, дем алыш күнү таңкы саат 4-00төрдө "Дордой" жаңы конушунда жайгашкан тигүү цехине бейтааныш бала кирип, аны зордуктаган.
Изи сууй электе Свердлов РИИБдин кызматкерлери 23 жаштагы баланы кармашкан. Аталган факт боюнча тергөө иштери башталды.