Турсунбек Акун: Курултайдын катышуучулары революциядан тажаганын билдиришти

Акыйкатчы Турсунбек Акун 24-мартта Жалал-Абаттын Сузак районунда өткөн курултайдын жыйынтыгы тууралуу "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, тынч жыйын өткөрүүгө бир канча талап негиз болгон. Алар Кумтөр алтын кенин менчиктештирүү, "Ата-Журт" фракциясынын депутаттыр Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду бошотуу жана калкты түйшөлткөн бир катар көйгөйлөр. Акыйкатчынын айтымында, курултайга 7 миңдей киши катышкан. Бирок ошол эле учурда ИИМдин маалыматы боюнча курултайга 5 миңдей киши катышты. Ал эми курултайды уюштуруучулардын бири жыйынга 10 миңдей киши катышканын айтты.

"Элдин өнүккөнү байкалды, агрессивдүү болгон жок. Саясат да өзгөрүптүр. Мисалы, Азимбек Бекназаров жакшы сөз айтты. Ал эл революциядан тажаганын билдирди. Эми мындан ары "бийликке болгон жол бир гана – шайлоо", - деди ал.

Акун ошондой эле Алмазбек Атамбаев 5 жылга шайланганын жана ага убакыт берүү керектигин кошумчалады.

Эскертсек, 24-мартта өткөн курултайды Азимбек Бекназаров жетектеген "Эл үнү" оппозициялык кыймылы уюштурган. Элдик жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары Равшан Жээнбеков, Ахматбек Келдибеков, коомдук ишмерлер Адахан Мадумаров менен Бектур Асанов, акыйкатчы Турсунбек Акун жана башкалар катышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД