Ысык-Көл облустук сотунун судьялык корпусу жаңыланды. Алардын үчөө аялдар

Ысык-Көл облустук сотунун судьялык корпусу жаңыланды. Анда конкурстук тандоодон облсуддун иштеп жаткан 3 судьясы өттү, бул облустук соттун штат боюнча судьяларынын (12) 25%ын түзөт.

Мурда сот тутумунуда иштебеген алтоону кошкондо, жаңы 7 судья келди. 10 судьянын үчөө же 30%ы аялдар.

Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын президентине 2013-жылдын 11-мартында Ысык-Көл облустук сотунун судьялык кызматына дайындоо үчүн 12 талапкер боюнча сунуштарды киргизген.

Колдо болгон материалдарды изилдөөнүн негизинде жана алардын ар бири менен аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын эске алып, мамлекет башчысы сунуш кылынган 2 талапкер боюнча материалдарды судьяларды тандоо боюнча кеңешине кайтарып берди жана 10 талапкер боюнча бул кеңештин сунуштарына макул болду.

Конкурстук тандоонун жыйынтыктарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын президенти 4 жарлыкка кол койду.

Биринчи жарлык конкурс менен тандалып алынган 10 талапкер Конституцияга ылайык 2013-жылдын 20-мартынан баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьялыгына дайындалышты:

- Акматов Таалайбек Калыбекович;

- Алиева Гүлкайыр Сакешовна;

- Асаналиев Жолдош Асанакунович;

- Асанбаев Болот Султанович;

- Досмамбетов Азизбек Анарбекович;

- Жаныбеков Медер Жаныбекович;

- Молдакунов Айбек Карыбекович;

- Рыскулова Аида Бекеновна;

- Шамбетова Мира Узбековна;

- Шерипов Улан Турганбаевич.

Экичи жарлык менен жергиликтүү соттун дайындалган 10 судьясы 2013-жылдын 20-мартынан баштап Ысык-Көл облустук сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

- Акматов Таалайбек Калыбекович;

- Алиева Гүлкайыр Сакешовна;

- Асаналиев Жолдош Асанакунович;

- Асанбаев Болот Султанович;

- Досмамбетов Азизбек Анарбекович;

- Жаныбеков Медер Жаныбекович;

- Молдакунов Айбек Карыбекович;

- Рыскулова Аида Бекеновна;

- Шамбетова Мира Узбековна;

- Шерипов Улан Турганбаевич.

Үчүнчү жарлык менен Ысык-Көл облустук сотунун иштеп жаткан төмөнкү судьялары толук курамында (9 судья) кызматынан бошотулду:

- Абакиров Каныбек Шонкоевич;

- Абдыкадыров Акылбек Токтосунович;

- Акназаров Мирлан Тагаевич;

- Асанбаев Болот Султанович;

- Арабаев Манасбек Матаевич;

- Сакеев Дамир Ушурбекович;

- Рыскулова Аида Бекеновна;

- Шамбетова Мира Узбековна;

- Эркебаев Адилет Маматеминович.

Төртүнчү жарлык менен судьялык кызматка дайындалган жана Ысык-Көл облустук сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилген Алиева Гүлкайыр Сакешовна 2013-жылдын 20-мартынан баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулду.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД