10-апрелден баштап алкголдук ичимдиктерге болгон акциздик салык жогорулайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басмасөз кызматы билдирди.
Акциздик салык өкмөттүн 18-марттагы токтомуна ылайык жогорулады.
Маалыматка ылайык, акциздик салыктын көлөмү литрине мындай көрсөтүлгөн:
- 40 сом – аракка, күчтөндүрүлгөн ичимдиктерге, сок жана бальзамдарга;
- 3 сом – виноматериалдарга;
- 9 сом – виного;
- 12 сом – сырага;
- 30 сом – аз алкоголдук ичимдиктерге;
- 42 сом – коньякка;