Салижан аганын сабактарынан: "От" дегенден ооз күйбөйт

Айтылуу аалым, кыргыз коомунда башкалардан өзгөчөлөнгөн орду бар Салижан Жигитовдун дүйнөдөн өткөнүнө быйыл жетинчи жылга аяк басты. Айрыкча азыркы учурда андай оригиналдуу ой, идея айткан адам жок өксүп турганыбыз сезилип жатат. Өзү да бир кезде "өксүк комплекси" деп жазбады беле. Мына ошол Салижан аганын коомдун талылуу маселелери боюнча курган курч интервьюларын, өзү жазган макалаларды жыйнап, биздин устатыбыз Алым Токтомушев жакында "Салижан Жигитовдун сабактары" (Акыл токтоткон адамдар үчүн) деген китеп чыгарды. Анда 1993-жылдан 2003-жылга чейинки материалдар камтылган. Эң кызыгы, мындан 20 жыл, 10 жыл мурда айтылган ойлор, идеялар, фактылар күнү бүгүн да өз күчүн жогото элек. Китепти окуп жатып ушуну байкайсың. Ошондой интервьюлардын бири тил маселесине арналып, 2003-жылы жарыяланган экен. Ошол интервьюдан ойго салчу үзүндүлөрдү сунуш кылабыз.

"Кыргыз тилинде илимий, илимий-популярдуу, педагогикалык тексттер жазгандын, айылдык кыргыздарга илим-билим дөөлөттөрүн тааныткандын, жаңы терминдер, сөздөр, сөз айкалыштарын ойлоп таап, элдик тилге сиңиргендин ордуна тилдин көйгөйлөрүн кайра-кайра айтып "эзме ботой" күүсүн черте бергенден кандай ийги? Тилди бакырып-өкүрүп боздоо менен эмес, практикалык конкреттүү жумуштар, чымырканган мээнет, сабырдуу патриотизм аркылуу гана өстүрүүгө мүмкүн.

Ал эми башка чукак калктын тилинин өнүп-өсүшү дайыма проблемалуу болот. Тилибиздин бечел калып жатканы жалпы сан-эсебибиздин аздыгына барып такалат".

***

"Элибиз он миллиондой көбөйсө, шаарларыбызда жашагандардын 70-80%ын түзүп калсак, кедейликтен кутулсак, цивилизациялашкан элдердин илим-билимин, маданиятын, техникалык өнөрүн, жашоо жана ойлоо тажрыйбасын жакшы өздөштүрсөк, материалдык жана духовный турмушубуз дүркүрөп өсөт эле, ошого жараша тилибиз да жакшырат эле, англисче үйрөнүп алган жаштарыбыз тышка качпай эле, өңдүү-түстүү кыздарыбыз көрүнгөн чет элдиктердин этегин кармап кетебиз деп жулунбайт эле. Арабыздан чыныгы билимдүү интеллигенциянын калың катмары чыкса, "кыргыз тил, кыргыз тил!" деп кыйкырмай, боздомойлор да тыйылар эле".

***

"Эстондор менен латыштардын билимдүүлөрү деле XIX кылымдын экинчи жарымында, улуттук интеллигенциясы аз кезде, шаарларында немис тилдүүлөр жана орус тилдүүлөр көптүк кылып турганда, биздин "тил күйөрмандарындай" эле тилинин көйгөйүн сүйлөп боздой берчү экен. Эки эл тең бактылуу турбайбы, соңку бир кылымда чындап жакшы билим алган, башын кадыресе кыйнап иштеткен, өз улутуна чындап күйгөн интеллигенция катмарын чыгарып алыптыр. Ал эми бизде алардыкындай деңгээлде турган интеллигенция азырынча жок. Биздин окумалдар "чала молдолугунан", өз алдынча ой сүргөнгө үйрөнбөгөнүнөн улуттук тилге тиешелүү проблемалардын өзөгүн көралбай, ага катышы жок же кыйыр катышы бар майда-барат маселелерге жабышып, жөн гана сөз көбүктөрүн жабыртып шапшуу менен убараланып жүрбөйбү…"

***

"Тил деген эмне?

Тил дегенибиз, жалпылап айтканда, лексикадан (сөздөрдүн жыйындысынан) жана грамматикадан (сөздөрдү өз ара байланыштыруучу жол-жоболордон) турган коомдук көрүнүш. Лексикалык каражаттардан жана грамматикалык эрежелерден ар кыл максаттарда пайдалануу менен адамдар өз ой-пикирлерин жарыя кылып, ар түрдүү тексттер (маалыматтар) жаратат. Бул иш-аракет кол эмгегиндей (мисалы, үй кургандай же пахта өстүргөндөй) эле кадыресе жумуш (деятельность) болуп, речь же кеп деп аталат.

Башкачалап айтканда, тил – лексикадан (элементтер тобунан) жана грамматикадан (ошол элементтердин арасын данакерлечү эрежелерден) куралган система, ал эми речь – ал системанын элементтеринин практикада конкреттүү колдонулушу, иштетилиши.

Элестүү кылып айтканда, лексика түрдүү курулуш материалдарынын жыйындысына, грамматика болсо кагаз бетине чийилген архитектуралык планга окшош, ал эми речь ошол курулуш материалдарынан ошол архитектуралык схема боюнча имарат тургузуу процессине окшош"

***

"Кыргыз тили жазма-басма вариантында аябай кеч, кечээки совет доорунда гана мектептик таалим-тарбиянын, саясаттын, укуктун, адабияттын, айрым илим тармактарынын, массалык маалымат каражаттарынын маалымдоо каражаты катары аздыр-көптүр колдонула баштабадыбы. Эгер өзбек жазма тили мурдарак араб, фарс жазма тилдеринин үлгүсүндө калыпка салынса, кыргыз жазма тили негизинен орус жазма тилинин моделдерин белимчилөө менен өөдүк-сөөдүк нормага салынгансыды. Укукка, саясатка, идеологияга,табият илимдерине тиешелүү тексттер орусчадан орус тилин чала билген кишилер тарабынан кыргызчалангандыктан кыргызча олдоксон, атүгүл орусча билбеген кыргыздарга түшүнүксүз "котормо тили" келип чыкты. Өткөн кылымдын 30-жылдарында түгүл, азыр деле орусчадан орой жаңылыштар менен кыргызчаланган тексттер окуу китептеринде, саясый документтерде, закондордо абдан көп".

***

"Айтор, кыргыз жазма-басма тили дагы эле өксүк, чийки, жашык бойдон калууда. Пайдалуу информацияга, илимий маалыматтарга абдан жарды. Кыргыз тилинде, балким, бүгүнкү англис тилиндеги илимий байлыктардын миллиарддан бири да жоктур. Демек, кыргыз жазма тилинен башка тил билбеген кат-сабаттуу кыргыз баласы дүйнөлүк пайдалуу информациядан, илим-билимден тышкары калып, акыл-эсин бүгүнкүнүн маалыматтары менен байыта албай, "карапайым аң-сезим" дегендин алкагына камалган бойдон жүрө берет. Биздин илим-билим жагынан артта калганыбыздын, кедейликтен кутула албай жатканыбыздын бир себеби да азыркыча илим-билим ташыган, өнүп-өөрчүгөн, жалпы элге таңууланган жазма-басма тилибиздин али жаштыгында жатат".

***

"Кыргыз жазма-басма тилин англис тилинин, орус тилинин, жок дегенде казак тилинин азыркы деңгээлине көтөрүш үчүн ар бир кыргыз интеллигенти бир миллион англофондун, беш жүз миң орустун, элүү казактын ордуна иштеши керек".

***

"Кыргыз тили 70-80 жылдан бери эле жазма-басма шекилинде колдонулуп келет. Тарых үчүн бул өтө эле кыска мөөнөт. Азыркы итальян жазма тилинин калыптаныш жолун атайын иликтеп көрсөм, 500 жылга созулуптур. Өнүп-өөрчүгөн латын жазма тилине таянганда да ошончо жылда кемелине келиптир. Эски славян тилине таянып өнүгө баштаган азыркы орус жазма тилинин өз тарыхы миң жылдан ашуун. Казак элинин өз тилин жазма түрүндө иштете баштаганына эки кылымдай болуптур".

***

"Биздей чакан элдин наркысы 500 миң, беркиси 100-150 миң кишисинин башка тилге өтүп кетиши улуттук чоң жоготуу, атүгүл трагедия эмеспи. Бирок бул трагедияны токтотуу мүмкүн эмес, анткени кыргыз тилинде илим-билим азырынча жокко эсе, ал эми кыргызча окуткан мектептер менен ЖОЖдор орусча, англисче окуткан окуу жайлардай билим бере албайт. Андыктан шаардык кыргыздар эне тилинин экинчи планда калып жатканына өкүнсө же кайгырса да балдарын кыргызча мектепке бербейт. Прибалтика өлкөлөрүндөгүдөй орус, англис, өзбек тилдеринде окуткан мектептерди жаап салгыдай чамабыз жок. Шаардык кыргыздар балдарын орусча же англисче окутпай койсо айылдык балдардай билим жагынан бечел калат, "тили буруу" журтташтарыбыздын бала-чакасы менен теңтайлашып оокат кылганга жарабай шордойт. Дегинкиси билимдүү кыргыз жаштарынын керектүү чет тилдерди үйрөнүп алып эне тилибизге жат кишилер болушу, анысы аз келгенсип, бай өлкөлөргө кетип атышы, кеткен бойдон кайта кайтпас ыктымалы ансыз да башка чукак элибизди келечегине жарык чачкан коомдук көрүнүш эмес".

***

"Орустар кыргызча сүйлөп бергенден улутубузга кандай пайда келерин мен дегеле түшүнбөйм. Баягы жылдары "кыргызча үйрөнгүлө!" деп демитип, орустарды бейпайга салдык. Көбү Ата журтуна көчө качты. "Орус көчүнүн" көп себептеринин бири ошо кыргыз тилин зордоп таңуулоо аракети болду го, сыягы. Он-он эки жылдан бери кыргыз тили орусча окуткан орто жана жогорку окуу жайларында өзүнчө сабак катары өтүлүп келет. Бирок кыргыз айылдарындагы балдар он бир жыл орус тилинен таалим алып аны билбей чыккандай эле, орус балдар кыргыз тилин атайын окутса деле мектептен кыргызча окуй албай, сүйлөй албай чыгып атышат. Университеттерден да кыргызча үйрөнүп чыккан орустар бирин-экин. Алар мектепте да, ЖОЖдо да англис тилин жанталашып үйрөнүшөт, кыргыз тилине келгенде антишпейт. Мунун себеби, биринчиден, англис тилинде билим бар, анын өмүр бою пайдасы тиет, ал эми Россияга кетүү үмүтү менен окуп жаткан бала кыргыз тилинин өмүрүндө кереги тийбесин билет. Экинчиден, кыргыз мамлекети жана тилчилери орусча мектептер, ЖОЖдор үчүн кыргыз тилин үйрөткүч китептерди, кассеталарды, ар кыл сөздүктөрдү, адаптацияланган кызыктуу адабий, илимий, публицистикалык чыгармаларды жазып да, басып чыгарып да бере албай атпайбы. Англис тилин үйрөтүүчү андай материалдар Бишкекте эле аябай көп сатылат. Балким, кыргыз тилин үйрөнө албаганында орус тилдүү балдардын да күнөөсү бардыр, бирок аларга үйрөнүү үчүн шарт жаратып бере албаган өзүбүздө да күнөө чоң. Шарт жарата албаган соң башка тилдүү балдардан кыргыз тилин жакшы билүүнү талап кылууга акыбыз барбы?

Ошентсе да кыргыз чиновниктер эне тилинде шыдыр сүйлөмөк түгүл, сабаттуу жаза билүүгө тийиш деген талапка кошулам. Баса, алардын басымдуу көпчүлүгү орусча буйдалбай сүйлөгөнү менен, чачыратып жаза деле албайт".

***

"Эл башкаруу чөйрөсүнүн иш кагаздарын бүтүндөй кыргызча жаздыруу үчүн жүрүп жаткан жалындуу күрөштүн темпин да бир аз басаңдаткайбыз. Иш кагаздарын кыргызчалатуу эне тилибиздин учурдагы эң маанилүү проблемасы эмес. Мамлекеттик документтер кыргызча жазылгандан малыбыздын башы, эгиндин түшүмү көбөйбөйт, мамструктураларда коррупция тукумкурут болбойт, өкмөттүк бюджет акчага тунуп калбайт, окуу жайларында таалим-тарбия жакшырып кетпейт.

Кыргыз тилинин Кыргызстан коомунда (чынында Бишкекте эле) экинчи катарга сүрүлүп келатканын айтып боздой бергенден да отказ кылчу мезгил жетти окшобойбу. Ушул тапта эне тилибизге байланыштуу өз элине күйүмдүү билимдүүлөр каңырык түтөтүп боздоп, жер сабап айгай салчу бир гана орчундуу проблема бар. Элеттик кыргыз балдарынын "дүйнөлүк информация мейкини" дегенден тышкары калып атканына тиешелүү проблема. Тилекке каршы, муну акылы менен айкын туюнган, жаны ачып кыйкырган киши бизде жокко эсе. Баса, орусча билбеген кыргыз окуучуларынын өркөнү өскөн өлкөлөрдүн балдары азыктанып жүргөн информациядан азыктанбай, алар окуп жүргөн окуулуктардан, илимий-популярдуу китептерден жана журналдардан, энциклопедиялардан, справочниктерден пайдаланбай өсүп атканына "аттиң!" айтып кайгырып, жаны күйүп айгайлап, атайын маселе көтөрүп чыккан "тил күйөрмандарын" көргөнүңөр барбы?"


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД