"Самсон" ветеринардык клиникасынын ветеринары Елена Тумашованын айтымында, айбанаттарды стерилизациялоо - бул алардын көбөйүп кетүүсүн көзөмөлгө алуунун учурдагы эң гумандуу ыкмасы.
"Бирок көпчүлүк бул операцияга дагы деле ишенбестик менен карашат", - дейт адис.
Физикалык жок кылуу, башкача айтканда атып өлтүрүү, жаратылыштын өзүн-өзү башкаруу механизмин иштетип жатат. "Маселен: ургаачы жынысындагылар көбүрөөк туулуп, алар тескерисинче тезирээк көбөйүп жатышат. Ал эми стерилизацияланган жандыктар убакыттын өтүшү менен карып, алардын саны кескин азаят",- деген пикири Тумашова айтып берди.