Түркия Кыргызстандагы ГЭСтердин курулушуна каражат салууга даяр

Түрк инвесторлору Кыргызстандагы гидроэнергетиканы биргеликте өнүктүрүүгө кызыктар. Бул тууралуу Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган кыргыз-түрк сүйлөшүүлөрү учурунда билдирди.

Ал Түркияда электр энергияны өндүрүү боюнча жаңы система иштелип чыкканын жана ал колдонулууга киргизилип атканын билдирди. Бул ыкма электр жоготууларын 8%га азайткан.

"Түрк инвесторлору тажрыйбасы менен бөлүшүп, Кыргызстандагы ГЭСтердин курулушуна каражат салууга даяр. ГЭСтердин көбөйүшү атаандаштыкты күчөтөт. Ал өз кезегинде баалардын төмөндөшүнө алып келет",- деди Эрдоган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД