Экс-муфтий Чубак ажы Жалиловдун сот иши кийинкиге жылды

Ажылыкты уюштурууда салыктарды төлөгөн эмес деп айыпталып аткан мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловдун сот ишин Свердлов райондук соту 16-апрелге жылдырды. Бул тууралуу адвокат Акин Токталиев 10-апрелде "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, соттук угуу тууралуу аларга жарым күн калганда эле билдиришкен. "Биз даярданганга үлгүргөн жокпуз",- деди ал.

Эскертсек, өткөн жылдын 31-октябрында экс-муфтийге карата 2011-жылкы ажылыкты уюштурууда 8 млн сом салыкты төлөбөй койгон деген айып тагылып, кылмыш иши ачылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД