Бүгүн, 11-апрелде, "Манас" эл аралык аэропортунан Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоганды узатуу үчүн КР өкмөт жетекчиси баштаган бир катар атка минерлер келди. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, Түркиянын премьери Монголияга учуп кетти, ал жакта анын расмий иш сапары пландалган.