Класстык чиндерге жыл сайын кошулчу каражат 106 миллион сомго бааланды

Мамлекет жыл сайын класстык чиндер үчүн чиновниктерге кошумча 106 млн сом төлөп берет. Бул тууралуу бүгүн "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин ал класстык чиндерди толук бойдон жоюу тууралуу мыйзамды сунуштаган, бирок ага оңдоо киргизиш үчүн кайра чакыртып алууга аргасыз болгон. Ал муну көптөрү класстык чинди жоюуга каршы болгондуктары менен түшүндүрдү.

Азыр Бекешев өзү эсептегендей альтернативалуу, компромисстүү мыйзам долбоорун сунуштап жатат, ага ылайык класстык чиндер министр, депутат, президент сыяктуу саясий кызматтарда жоюлуп ал эми катардагы мамлекеттик кызматкерлерде сакталууга тийиш.

"Көбүрөөк өнүккөн Азия мамлекеттеринде класстык чиндер жок, КМШ өлкөлөрүнүн баарында эле мындай эмес. Бизге мамлекеттик кызматтан ишин жакшырта турган башка механизмдер керек",- деп жүйө келтирди Бекешев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД