Бабановдун беткабы сыйрыла баштады
Ысык-Көлдүн Барскоон айылында өтүп жаткан митингди «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов көшөгө артынан башкарып жатканы айтылууда. Мында чындыктын үлүшү арбындай. Себеби, «Кумтөргө» байланышкан нааразычылык акциясы өтө дыкат уюштурулганы байкалып калды. Бул биринчиси.
Экинчиден, 30-майда «Кумтөрдү» электр энергиясы менен камсыздоочу подстанция басылып алынары күтүлүп жаткан. Ошол маалда Таластан келген жоон билек жигиттер Ак үйдүн алдында митинг өткөрүшмөк экен. Бирок, абакта жаткан Равшан Сабировдун таламдаштары акция уюштурганына байланыштуу «тайм-аут» алышыптыр. Ал эми мындан үч-төрт саат мурдараак Барскоондогу акциянын уюштуруучуларынын бири борбор калаага сапар алышарын жарыялады. Анда аларды бул жакта даяр турган топ тосуп алабы? Кызыгы, Өмүрбек Бабанов пикет-митингдерге кеткен каражатты толук каржылап, Таластан келген жигиттерди да жеке көзөмөлүнө алыптыр. Демек, өлкөдөгү кырдаалды дестабилдештирүү багытында атайын план түзүлүп, анын башында Бабанов турат десек жаўылышпайбызбы? Бул суроого, албетте, тийиштүү органдар иликтеп, татыктуу баасын бериши керек.