Канкор Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдинкаржылоосундагы жана жеке көзөмөлүндөгү партия экени ачыкка чыккан
«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев «Жалал-Абад шаардык
кеңешинде көпчүлүк коалицияга кирбей калган КСДП фракциясы мэриянын жана
депутаттардын ишине тоскоолдук жаратып атат» деп Конституциялык мыйзамдар,
мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти
боюнча комитетинин жыйынында опурулуп чыкты. Анын айтымында сот шаардык
кеңештин иш-аракетин негизсиз токтотуп, ал эми шаардык прокуратура болсо аларга
негизсиз эскертүү бериптир. 12-январда Жалал-Абад шаардык кеңешинин сессиясы
өтүп, ага «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Журт» жана «Республика Ата-Журт»
партияларынан талапкерлер мандат алууга чогулган. Андан соң алар өздөрүнчө эле
төраганы жана анын орун басарларын шайлап алышкан. Алардын мындай аракети толук
түрдө мыйзамсыз болуп саналат. Себеби сессияга «КСДП» жана «Кыргызстан»
партиялары катышпай калган. Андыктан эки партиянын өкүлдөрүнүн катышуусу жок
эле төрагалыкты да, анын орун басарларын да өзүм билемдик менен шайлап алуу эч
кандай мыйзамга сыйбайт. Ошондон улам бул коалиция соттун чечими менен
токтотулган. Эми буга Бакыт Төрөбаевдин КСДПны күнөөлөп чыкканы логикага сыябы?
Же аларды бирөө мыйзамсыз коалиция курап алгыла деп КСДП үйрөтүптүрбү?